• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Учтуу зат жутуп алган балага операция жасалды

8 Баш оона 2023 15:17 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 7-августта Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына учтуу зат жутуп алган 10 жаштагы бала түшкөн. Маалыматка ылайык, бала оң өпкөсүнөн жабыркап, канцелярдык мык бронхага сайылып калган. Дарыгерлер тарабынан оор абалдагы балага тезинен жардам көрсөтүлүп, бала аман калды.

Бөтөн затты алган оорукананын анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кочкорбай уулу Семетей акыркы күндөрү ушундай абалда келген балдар көп катталып жатканын айтып, ата-энелерди балдардын ден соолугуна жана өмүрүнө этият болууну суранды.

Количество просмотров: 111