Мушкерлер Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин көптөн күттүргөн беттеши өттүю Анда Дастин Порье Конор Макгрегорду экинчи ирет утуп алды. Ирландиялык мушкер бутун кызыл ашыктын үстүнөн сындырып алып, беттеш мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Бул уюмдун жеңил салмактагы атактуу мушкерлеринин үчүнчү беттеши болду. Таймаш АКШнын Лас-Вегас шаарында өттү. Америкалык жана ирландиялык спортчу Лас-Вегаста өтө турчу UFC 264 турниринин башкы беттешинде жолукуту.
Бул уюмдун жеңил салмактагы атактуу мушкерлеринин үчүнчү беттеши. Алгач, 2014-жылы Конор Порьени нокаут менен уткан. UFC атлеттери быйыл 24-январда Абу-Дабидеги «Мушкерлер аралы» спорттук жайында кармашып, анда америкалык мушкер ирландиялыкты таймаштын экинчи раундунда сулата чаап жеңип алган. Муну менен Макгрегор карьерасында алгачкы ирет нокаутка түшүп жеңилген.