• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

UFC Макгрегорду Порье менен болгон мушташтан кийин 6 айга беттештерден четтетти

26 Үчтүн айы 202114:09 Бишкек Govori.TV

UFC уюмунун эки салмактагы экс-чемпиону Конор Макгрегор Дастин Порьеден жеңилгенден кийин жарым жылга беттештерден четтетилди. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Макгрегор UFC 257 мелдешинин башкы беттешинин экинчи раундунда америкалык Порьеге нокаут менен утулган. Таймаштан кийин ирландиялык спортчу аксап басып калган. Макгрегордун чоң жана кичи жото жилик сөөктөрүнөн жаракат алганы айтылат. Эгерде мушкердин ден соолугу тез калыбына келсе, анда ал айтылган мөөнөттөн мурда октагонго келет.

Ал эми Порье, регламентте талап кылынгандай, эс алуу жана калыбына келүү үчүн UFC тарабынан жети күнгө четтетилди.

Количество просмотров: 185