• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

UFC мушкери Физиев: Мындан ары Кыргызстандын желеги менен чыгууну токтотом

14 Тогуздун айы 2021 11:14 Бишкек Govori.TV

UFC мушкери Рафаэль Физиев Кыргызстандан кетет. Бул тууралуу спортчу Instagram баракчасына жарыялады.

Мушкер мындай кадамга барышына анын дин тутуу укугуна карата Кыргызстан муфтиятынын кийлигишүүсү себеп болгонун айтты.

«Мен эч кандай пропаганда жүргүзгөн эмесмин, көптөгөн Instagram-колдонуучулар сыяктуу эле өзүмдүн жашоомду көрсөткөм. Бүттү. Мен Кыргызстандан кетем. Паспортум гана Кыргызстандыкы болбосо эми менин бул өлкө менен эч кандай байланышым болбойт. Үй-бүлөм менен жакынкы күндөрү бул өлкөдөн чыгып кетем. Мындан ары Кыргызстандын желеги менен чыгууну токтотом», — деп билдирди ал.

Количество просмотров: 1160