• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

UFCнин президенти Путин жана Трампты коноко чакырды

22 Аяк оона 2018 13:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.09.2018. Govovri.TV

UFC’нин президенти Дэйна Уайт Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трампты Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедовдун беттешине чакырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматта  айтылгандай, Дэйна Уайт президенттерди беттешке келип, кадырлуу конок болуп кетүүгө чакырган.

«Биз президенттерди беттешке чакырып турабыз. Билем беттеште дүйнө лидерлеринин коноктордун арасында отурушу коопсуздук жагынан маселе жаратышы мүмкүн. Трамп менин чакыруумдан баш тартты, бирок ал эки мушкердин беттешин түз эфир аркылуу көрөт», — деген UFC’нин президенти.

Ошондой эле ал Орусиянын президенти  Владимир Путиндин дагы келеээрине күмөнү бар экенин кошумчалаган.

Эске салсак, Ирландиялык Конор Макгрегор менен орусиялык  Хабиб Нурмагомедов 6-октябрда Лас-Вегаста UFC турниринин алкагында беттешет.

Количество просмотров: 27