• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Уханга 2600 дарыгер жөнөтүлдү

13 Бирдин айы 2020 12:49 Бишкек Govori.TV

Кытай Эл Республикасынын Ухань шаарына коронавируска каршы күрөшүү үчүн 2600 медициналык кызматкер жөнөтүлдү. Бул тууралуу «РИА НОВОСТИ» жазды.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Кытайдын президенти Си Цзинпинь чыгарган.

“Барган дарыгерлер Тунцзи ооруканасынын базасындагы «Хошэньшань» бейтапканасында жана Гунгу районунда жайгашкан эне жана баланы коргоо ооруканасында бейтаптарды дарылоону уюштуруу менен алек болот. Биринчи ооруканага 860, ал эми экинчи ооруканага 700 адам жайгаштыруу пландалууда”, -деп жазылат маалыматта.

Акыркы маалыматтарга караганда, вирусту жуктуруп алгандардын саны 48 миң 200 адамды түзөт. Алардын ичинен 1 миң 310 адам каза болду. Ооруканадан 3 миң 441 адам дарыланып чыккан.

Количество просмотров: 1394