Бүгүн, 26-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча маалымат жыйын берди. Анда «Сох анклавынын айланасындагы жерлер, Кемпирават суу сактагычындагы жерлер да бар эле, мунун айланасындагы жерлер кандай чечилди?», — деген журналисттин суроосу Ташиевдин ачуусун келтирди.
«Сиз берген суроого мен жооп бердим, суроону кайталабагыла, талашка түшкөн жерлер жөнүндө суроолор эми болбойт дедим. Сиз мени угуңуз, уккуңуз келбесе чыгып кетиңиз. Сөзүмдү бөлбөңүз», — деди УКМКнын төрагасы.