“Ош-аэропорт” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунан КР УКМК Чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык иштеринин туруктуу каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Тактап айтканда, аталган көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, системалуу түрдө чет элдик жүргүнчүлөрдөн опузалап акча каражатын алып жүрүшкөндүгү аныкталды.
Азыркы учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында “Ош-аэропорт” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун КР УКМК Чек ара кызматынын 20 кызматкерлеринин үстүнөн текшерүү иштери жүрүп жатат.