• Жекшемби 7 Жалган куран 2021

УКМК: 53 миллион сомдук зер буюмдарды контрабандалык жол менен ташыган жаран кармалды

10 февраля 2021 в 10:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагына зергерчилик буюмдарды контрабандалык жол менен алып өтүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма соз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК Коррупцияга каршы кызматы тарабынан тышкы экономикалык иш чөйрөсүндөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кыргызстандын аймагына баалуу зер буюмдарды мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталды.

“Үстүбүздөгү жылдын 9-февралында УКМКнын кызматкерлери «Манас» эл аралык аэропортуна аба каттамы аркылуу чет өлкөдөн келип, бажы аймагынан тийиштүү бажылык каттоосуздан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен 1981-жылы туулган жараны Т.Л. кармалды. Жүктөрдү текшерүү учурунда жалпы салмагы 17 кг ашык, баасы 53 миллион сомду түзгөн алтын буюмдар табылды”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 227