• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

УКМК: $6 миң паранын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Бишкек мэриясынын кызматкери кармалды

23 Теке 2021 20:26 Бишкек Govori.TV

Мурда алынган паранын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Кыргыз Республикасынын УКМК Бишкек шаарынын мэриясында коррупцияга байланыштуу кылмыштарды алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, мурда алынган 6 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү параны кайтарып берүү учурунда Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери кармалды.

Кармалган адам Кытай грантынын эсебинен оңдолуп жаткан Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнүн реконструкциялоо долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жолдун боюнда жайгашкан соода объектисин сактап калуу үчүн кафенин ээсинен 9 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алгандыгы аныкталган.

2021-жылдын 23-июлунда пара алуу боюнча жетиштүү далилдер болгондугуна байланыштуу, «М.А.» кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча ушул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.

Количество просмотров: 896