• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК Айыл чарба министрлигинин бөлүм башчысын кармады

20 Тогуздун айы 2021 15:34 Бишкек Govori.TV

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдү коргоо жана карантиндөө бөлүмүнүн башчысы Ж.Н.Н. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин УКМК тарабынан айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуунун жол-жоболоруна анализ жүргүзүлүп, анын натыйжасында товар экспорттоодо тоскоолдук жасаган, бири-бири менен сүйлөшүп алган кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталган. Айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр товарларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө үзгүлтүксүз өткөрүү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушкан.

«Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдү коргоо жана карантиндөө бөлүмүнүн башчысы Ж.Н.Н. кармалды. Бишкек шаарынын райондук соту кармалган адамга тергөө мөөнөтүнө карата баш коргоо чарасын карайт»,-деп айтылат маалыматта.

УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ишин улантууда.

Количество просмотров: 79