УКМК Чоң-Алай районунда аскердик тик учак кулады деген билдирүүгө комментарий берди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, аскердик тик учак авариялык абалда конгон. Ошондой эле аталган тик учакта УКМКнын төрагасы болбогонун ырасташты.
Буга чейин, ЖМКларда Ош облусунун Чоң-Алай районуна багыт алган эки тик учактын бири кулап түшкөнүн, анда чек ара маселеси боюнча делегациянын мүчөлөрү болгонун жазышкан.