• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

УКМК «Алтуха» каймана аты бар кримтөбөл Ибраимовду кармады (видео)

13 Үчтүн айы 202118:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында «Алтуха» каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алтынбек Ибраимов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Кылмыштуу иштерге катыштыгы боюнча керектүү ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ибраимов ИИМге профилактикалык маектешүүгө чакырылган.

Количество просмотров: 3850