• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

УКМК Азим Ройдун жубайына издөө жарыялады

26 Жалган куран 2024 10:10 Бишкек Govori.TV

КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан «мыйзамдагы ууру» аталган Камчы Асанбектин (Көлбаев) өкүл атасы, жеке ишкер Азим Ройдун жубайына издөө жарыяланды.

УКМКнын маалыматына караганда, мыйзамдагы ууру К.Асанбек жана криминалдык элемент Азим Рой тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу/адалдоо фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, К.Асанбек менен Азим Рой “L.А.” жана «R» ЖЧКсын негиздеп, Бишкек шаарынан жер тилке каттатып, ага кеңселери жана кампалары бар коммерциялык имарат курушкан. Ошол эле учурда К.Асанбек жана Азим Рой өздөрүнүн иш жүзүндөгү ээликтерин жашыруу максатында аталган ишканалардын акцияларын жакын туугандарынын атына, анын ичинде Азим Ройдун жубайы – Н.З.Х.га катташкан.

Мындан тышкары, сатып алуу булактарынын мыйзамдуулугун берүү үчүн уюштуруу курамына чет өлкөлүк инвестор деген ат менен Азим Ройдун аффилирленген адамы, Литва Республикасынын жараны К.Г. киргизилген.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө башка уюштуруучулар аталган кыймылсыз мүлк Азим Рой менен К.Асанбекке таандык экендигин тастыкташты.

2024-жылдын 20-мартында кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу/адалдоо фактысы боюнча Азим Ройдун жубайы Н.З.Х.га (сыртынан) айып тагылып издөөгө алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК ишкер Азим Ройго да издөө жарыялаган.

Количество просмотров: 83