• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

УКМК Бактыбек Калмаматовдун кармалышы боюнча үн катты

22 Бештин айы 2021 19:26 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан туруктуу негизде улуттар, аймактар жана конфессиялар аралык негиздеги сабырсыздыктын ар кандай көрүнүштөрүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди жүргүзүп келет.

«Буга байланыштуу улуттук коопсуздук органдары өлкөнүн жарандарынын ортосунда кастыкты козуткан, тынчтыкты жана ынтымакты бузган адамдарды аныктоо жана тастыктоо максатында интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүдө.
Аткарылган иш-чаранын жүрүшүндө КР Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Б.Калмаматовдун социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат алынды.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тергөөнүн жүрүшүндө Б.Калмаматовго карата алынган маалыматтар тастыкталды.

Иш боюнча топтолгон далилдердин жана тиешелүү экспертизанын корутундусунун негизинде, 2021-жылдын 22-декабрында бул кылмышка шектүү катары Б.Калмаматов кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Мыйзамда белгиленген мөөнөттө Б.Калмаматовго айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө убагында ага карата баш коргоо чарасын тандоо маселесин карайт.

Количество просмотров: 3222