• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМК: КР жарандары Тажикстанда барымтага алынган деген маалымат чындыкка дал келбейт

22 Бирдин айы 2021 14:09 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда тажик күч түзүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышы жана аларды барымтага алынышы жөнүндө маалыматтын таркатылышына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын УКМК төмөнкүлөрдү билдирет.

Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана фейк болуп эсептелинет.
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы 2021-жылдын 16-февралында Кыргызстандын 5 жараны Тажикстандын аймагында мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалгандыгын маалымдайт.

Такталгандай, Кыргызстандын беш жараны Тажикстандын аймагынан мыйзамсыз түрдө 900 кг металл, 2 баш бодо мал жана 3 баш майда малдарды ташып кетүүгө аракет кылып жатып, Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан мыйзамсыз өтүп жаткан учурунда кармалган.

Бул жарандарга карата тажикстандык күч түзүмдөрү тарабынан тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Учурда бул жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдо.

Учурда Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал азырынча туруктуу деп мүнөздөгө болот

Количество просмотров: 149