• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

УКМК башчысы узун сакал, паранжы боюнча пикирин айтты

18 Жетинин айы 2023 12:10 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев паранжы жана узун сакалга байланыштуу пикирин билдирди.

«Диний-экстремистик уюмдар чыгып, өзүнчө уюшуп алышып, коомубуздун оюн, жашоо-тиричилигин, үрп-адатын, каада-салтын башка жакка бурууга аракет кылып жатышат. Буларга каршы күрөштү дагы күчөтүшүбүз керек. Себеби, кыргыздын кыргыз болуп жаралгандан бери өзүнүн салты бар. Анын ислам дини бар. Кыргызстандын келечегин сактап калуу биздин колубузда. Азыр динибиздин бурмаланган эреже-талаптарын чыгарышып, ар түрдүү коомго терс кийим-кечелерди кийишип, кебетесин өзгөртүшүп, салттуу динге туура келбеген нерселерди кылып жатышат. Кыргыз болгондон бери баарыбыз зыңкыйып жүргөнбүз. Шалбырагандарды кийип, 25-30 жаштагы жигиттер киндигине чейин сакал койгон эмес. Сакал койбо деп эч ким айтпайт, тартиби менен койгула. Жоолукту салынгыла, бирок башка журттун, башка диний агымдардын үрп-адатын алып келбегиле», — деди ал.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, жакында ал коомдук талкууга чыгарылган. Бул коомчулукта ача пикир жаратууда.

Теги:
Количество просмотров: 354