• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

УКМК башчысынын мурдагы орун басары Болотбек Сүйүмбаев изделүүдө

5 Үчтүн айы 2021 11:53 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысынын мурдагы орун басары Болотбек Сүйүмбаев изделүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору маалымат таратты.

Маалыматта Сүйүмбаевдин жүргөн жери жөнүндө маалыматы барлардан 0312 66 04 75 номери аркылуу УКМКнын нөөмөт кызматына же 102 номери аркылуу Ички иштер министрлигинин нөөмөт бөлүмүнө кабарлап коюуну өтүнүшөт. Купуялуулукка кепилдик берилет.

УКМК тараткан маалыматка ылайык, ал алтын зер буюмдарынын аткезчилигине байланыштуу сотко чейинки өндүрүшкө алынган иштин алкагында бир нече ирет суракка жана тергөөгө чакырылган, бирок келген эмес.

Буга байланыштуу УКМК Кылмыш кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 223-беренеси («Экономикалык контарбанда») боюнча шек саналып жаткан Болот Сүйүмбаевге 10-декабрдан тартып издөө жарыялаган.

Аскер прокуратурасы 2019-жылдын март айында ири көлөмдөгү зер буюмдарынын аткезчилиги, айрым товар жеткирүүчүлөрдүн УКМКнын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алганына байланыштуу бир нече кылмыш ишин козгогон.

Тергөө иштеринин натыйжасында, 2017-жылы ыкчам бөлүмдөрдүн бири республикага аткезчилик жол менен ташылып келген 22 килограммдан ашуун зер буюмдарынын ири партиясын кармаганы аныкталган. Кийин УКМКнын ошол учурдагы жетекчилиги бул факт боюнча текшерүүнү токтотууга мыйзамсыз буйрук берип, конфискацияланган зер буюмдарды кайтарып берген. Натыйжада республиканын бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ошол эле учурда, тергөө маалында жетиштүү далилдер чогултулуп, аткезчиликке тиешеси бар тараптар жоопко тартылган. Алар күнөөлөрүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген 6 миллион сомдон ашуун зыяндын орду толтурулган.

Учурда тергөө тобу тарабынан жасалган кылмыштардын бардык жагдайларын аныктоого жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга багытталган тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 38