• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

УКМК: Бишкекте табылган шектүү зат текшерилип жатат

24 Чын куран 201912:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.04.2019.Govori.TV.

24-апрелде, саат 11:05те Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына Тыныстанов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде шектүү буюм (сумка) табылганы жөнүндө чалуу келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери шашылыш жетип барган. Учурда аталган аймак кайтарууга алынды.

УКМКнын адистери шектүү предметти жана ага жакын жайгашкан жерде жардыруучу зат бар-жогун текшерип жатышат. 


Количество просмотров: 14