• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМК: «Ботош» каймана аты менен таанымал УКТ мүчөсү кармалды

22 Үчтүн айы 2021 16:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-январда Ысык-Көл облусунда «Ботош» каймана аты менен таанымал кримтөбөл, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү О.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, кармалган жаран К.Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөсү жана Ысык-Көл облусунда бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелген.

Ошондой эле 2020-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен О.А. камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Бирок ал баш коргоо чарасын бузган.

Учурда УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча тиешелүү иш-чараларды улантууда.

Количество просмотров: 175