Чүй облусунун Аламүдүн районунда АК-74 куралы жана калибри 5,45×39 мм болгон ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Учурда алардын каяктан алынганын жана кимге таандык экендигин аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.
УКМК курал, ошондой эле ок-дары, жардыруучу заттарды мыйзамсыз сатып алган, саткан, алып жүргөн, сактаган жарандар мыйзамга ылайык жазага тартыларын эскертет.