• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

УКМК: «Чыңгыз ордо» тарыхый-маданий комплексин курууда акча кымырылган

13 Бештин айы 2021 15:21 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин алдындагы Талас облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылындагы “Чыңгыз-Ордо” тарыхый-маданий комплексин курууда аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы Талас облусунун ККБ тарабынан «Чыңгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексин куруу боюнча тендердин жыйынтыгында жеңүүчү деп табылган «Бийиктик Инвест» ЖЧКсы менен белгисиз себептер менен аяктоо мөөнөтү көрсөтүлбөгөн, 62 млн. 73 миң сомго келишим түзүлгөн. Объекттин курулушу башталгандан ушул күнгө чейин подрядчы тарабынан болгону 34 миллион сом жумшалып, аткарылган иштердин көлөмү тиешелүү тартипте актыларды түзүү менен буйрутмачы тарабынан эч кандай эскертүүсүз кабыл алынган. “Чыңгыз-Ордо” комплекси объектинин иш көлөмүн контролдук өлчөөнүн жыйынтыгында, иштердин айрым көлөмүн ашыкча 6 млн 179 миң 952 сомго бааланганы аныкталып, Талас районунун ККБсынын адистеринин катышуусунда тиешелүү тартипте такталып, документтештирилди.

«Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин адисинин катышуусунда подрядчы тарабынан белгиленген көлөмдөгү иштерди сапатсыз аткаруу жана ал ишти буйрутмачы кабыл алган факты аныкталды. Бул кайра ашыкча иш аткарууну жана кошумча каражаттардын чыгымын талап кылат. Алынган далилдерди негизинде, 2021-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин башкы адиси “Н.У.А.”, жана “Бийиктик Инвест” ЖЧК подряддык уюмунун директору “С.К.А.” кылмышка шектүү катары кармалып, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына эки айлык мөөнөткө киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда УКМК тарабынан жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 131