• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Депутат Бакировдун мандат маселеси эмнеге эми козголуп жатат?

15 Кулжа 2023 13:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын административдик соту 7-июндагы чечими менен №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Депутат Өмүрбек Бакиров өзү шайланып келген округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган соттун чечимине каршы даттанганы жатат.

2021-жылы Жогорку Кеңешке өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров аталган округдан депутат болуп шайланган. Жарышта жалпы жети талапкер, анын ичинде экс-депутат Равшанбек Рысбаев да болгон. Ал 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров саясий жарышта добуш сатып алганын айтып, анын мандатын жокко чыгарууну талап кылган.

Айрымдар Бакировду депутаттык мандатынан ажыратууну саясий иш деп баалап жатышат.

«Депутат Бакировдун мандат маселеси эмнеге эми козголуп жатат?» деген суроонун айланасында башка эл өкүлдөрүнүн пикирин уктук…

Количество просмотров: 239