Борбордук шайлоо комиссиясына Улуттук коопсуздук комитети эки депутаттын диплому жасалма экени тууралуу материалдарды берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда «Ата-Журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаилов менен «Альянстын» депутаты Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыккан айтылат.
БШК атайын кызмат жөнөткөн материалдарды тиешелүү мекеме-органдар менен чогуу карап чыккандан кийин мыйзамга жараша чечим кабыл алат.
Эске салсак, апта башында атайын кызмат жасалма дипломдорду, кош жарандуулуктукту аныктоо өнөктүгү тууралуу соңку маалыматтарды берген.