• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутаттар, министрлер, соттор, мэрлер… УКМК жасалма дипломдор тууралуу маалымат берди

6 Чын куран 2022 8:35 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулукка жана жасалма диплом колдонууга каршы текшерүүнү улантып жатканын маалымдады.

Ага ылайык, учурда жасалма диплом колдонгон жана кош жарандыгы бар деген шек менен төмөнкү тармактагылар текшерилүүдө.

Алар:

  • Жогорку Кеңештин 3 депутаты,
  • Жогорку Кеңештин 2 экс-депутаты;
  • ЖК депутаттыгына 9 талапкер;
  • Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү
  • 1 министр;
  • 2 мэр;
  • 1 экс-мэр;
  • Шаардык кеңештин 3 депутаты;
  • 1 судья;
  • 1 мурдагы судья;
  • Эсеп палатасынын 2 кызматкери;
  • Прокуратуранын 1 кызматкери;
  • Ички иштер органдарынын 15 кызматкери;
  • УКМК ЧКнын 2 кызматкери;
  • Жазаларды аткаруу кызматынын 1 кызматкери;
  • Бажы кызматынын 1 кызматкери;
  • Салык кызматынын 6 кызматкери;
  • Тышкы иштер министрлигинин 6 кызматкери;
  • Экономика жана коммерция министрлигинин 1 кызматкери;
  • Транспорт министрлигинен 2 кызматкер;
  • Айыл чарба министрлигинен 4 кызматкер;
  • Санариптик өнүктүрүү министрлигинен 2 кызматкер;
  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен 2 кызматкер;
  • ДИМКдан 1 кызматкер;
  • Саламаттыкты сактоодон 2 кызматкер;
  • Билим берүү тармагында 40 кызматкер;
  • ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен 1 кызматкер;
  • Социалдык фонддун 3 кызматкери;
  • «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын 1 кызматкери;
  • «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин 1 кызматкери;
  • Мамлекеттик архивдин 1 кызматкери;
  • Банк тутумунан 2 кызматкер;
  • 2 адвокат;
  • 1 массалык маалымат каражаттарынын кызматкери;
  • 6 муниципалдык кызматкер;
  • 2 дин өкүлү;
  • Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1 орун басары;
  • Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2 кызматкери;
  • 2 вице-мэр;
  • 1 шаардык кеӊештин кызматкери;
  • Мэриянын 8 кызматкери;
  • РМАнын 1 жетекчиси, РМАнын 1 орун басары, 8 айыл аймагынын башчысы, 2 айыл өкмөт башчысынын орун басары, 18 айыл аймагынын кызматкери, 9 айылдык кеӊештин депутаты, башка мекемелерден 1.

«Профессионалдык лицейде окубаган адамдарга дипломдорду мыйзамсыз берүү, колледжде мыйзамсыз окутуу жана диплом берүү, жогорку окуу жайлардын биринин дипломун мыйзамсыз берүү, чет өлкөлүк жарандарга орто билими тууралуу аттестаттын мыйзамсыз берилиши боюнча коррупциялык схемаларды уюштуруу фактылары да текшерилүүдө. УКМК мамлекеттик кызматкерлерди терс кесепеттерге жол бербөө максатында, пайдаланылышы мүмкүн болгон жасалма дипломдорду жана билими тууралуу документтерди өз демилгеси менен жана ээлеген кызмат ордун ыктыярдуу түрдө бошотуп берүүгө чакырат», — деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы менен 40 адам өз каалоосу менен жумуштан кетип, 2 адам жергиликтүү кеңештин депутаттык мандатын тапшырышкан. Ошондой эле, 28 мамлекеттик кызматкер чет өлкөлүк жарандыгы бар-жоктугун текшерүүгө алынган.

Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 20 кылмыш иши тергелип, 52 материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр, 141 материал боюнча алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 922