• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК депутаттын жардамчысы эмнеге кармалганын айтты

13 Аяк оона 202410:17 Бишкек Govori.TV

УКМК 12-сентябрда «Альянс» фракциясынын депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси Р.А.Р. алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кармалганын билдирди.

Маалыматка айтылгандай, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Р.А.Р. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жумушка орношуу үчүн кайрылганда жасалма документтерди жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип, мыйзамсыз ишке орношуп, эмгек акы жана бонустук төлөмдөрдү алып жүргөндүгү аныкталган. Учурда өлкө бюджетине келтирилген жалпы зыян такталууда.

Мындан тышкары, кармалган жаран ортомчулук кызматын көрсөтүп, ар кандай маселелерди чечкени үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигинин атын жамынып, алдамчылык жолу менен жарандардан ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алып турган.

Жогорудагы кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, учурда Р.А.Р. тарабынан жасалган мыйзамсыз иштердин бардык эпизоддорун аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, кечээ ЖКдагы депутаттын иш бөлмөсүндө тинтүү жүрүп, жардамчысын атайын кызматка алып кетишкени маалымдалган.

Количество просмотров: 152