• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

УКМК экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрүн кармады

9 Тогуздун айы 202517:25 Бишкек Govori.TV

«Хизб-ут –Тахрир» ДЭУнун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында «Хизб-ут – Тахрир» ДЭУга каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө экстремисттик идеологияны тараткан жана жаңы жактоочуларды тартуу менен алектенген 1993-жылы туулган Н.А.К., 1992-жылы туулган У.М.И., 1991-жылы туулган Г.К.А. аттуу КР жарандарынан турган тыюу салынган уюмдун ячейкасынын активдүү мүчөлөрү кармалды.

Тактап айтканда, У.М.И. экстремисттик ишмердиги үчүн мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган.

Жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик маанайдагы диний адабияттар алынып, тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жатат.

Кармалган Н.А.К., У.М.И. жана Г.К.А. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына киргизилип, аталган уюмдун ячейкасынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КР УКМК жарандардын диний-экстремисттик уюмдарды түзүү, алардын ишине катышуусу, ошондой эле экстремисттик материалдарды таратуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 330, 331 жана 332-беренелеринде каралган кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Количество просмотров: 235