• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

УКМК Фейсбук колдонуучусун кармады

11 Бештин айы 2023 12:26 Бишкек Govori.TV

Массалык баш аламандык уюштурууга элди үндөгөн “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси боюнча (“Массалык баш аламандык”) козголгон кылмыш кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбоого чакырыктарды дайыма жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Айман Манап” аккаунтунун колдонуучусу, КРнын 1983-жылы туулган Б.Д.М. аттуу жараны аныкталып, кармалды.

«Өз аракети үчүн жоопкерчиликтен качуу үчүн колдонуучу Б.Д.М. купуялык сырларын колдонуп келген, башкача айтканда “Фейсбук” социалдык тармагында фейк аккаунтун колдонгон. Б.Д.М. жашаган жеринде ыкчам тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө анын уюлдук телефону, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынды»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 189