• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

УКМК: «Головной» толугу менен Кыргызстандын көзөмөлүндө

29 Чын куран 202121:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Тажикстан менен чектешкен аймакта аскердик көзөмөлдү күчөтүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Баткен районунун аймагындагы «Головной» аймагы толугу менен кыргыз тараптын көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген. Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр бүгүн дагы уланды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 29-апрель, саат 20:00гө карата чек арада бир адам каза болуп, 31 киши жаркат алганын маалымдады.

Количество просмотров: 261