• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

УКМК: Илмияновдун иши Октябрь райондук сотуна жиберилди

9 Теке 201912:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.07.2019.Govori.TV.

Президенттин мурунку кеңешчиси И. Илмияновдун иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жиберилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын УКМК Тергөө башкы баршкармалыгы И.С.Илмиянов тарабынан алдоо жолу менен 150 миң АКШ доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишинин сотко чейинки тергөө иштерин аяктады.

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жыйынтыгында И.С.Илмияновго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренсинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды.

Андан сырткары, Салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы инспектору Шакиров дагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Тергөөнүн жыйынтыгында Илмияновго жоопко тартуу актысы бекитилип, ага карата козголгон кылмыш ишинин материалдары Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жиберилди.

Количество просмотров: 12