• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

УКМК: Күйүүчү-майлоочу майларды ташуу үчүн салондоруна контейнер орноткон унаалар кармалды

30 Жалган куран 2021 16:07 Бишкек Govori.TV

Күйүүчү-майлоочу майларды ташуу үчүн салондоруна контейнер орнотулган автоунаалар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-март күнү УКМК тарабынан Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылынын жанында жайгашкан кампага жана ага жакын жердеги «BS-Petrol» май куюучу жайына тинтүү жүргүзүлгөн.

«Тинтүү иштеринини натыйжасында, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташуу үчүн салондоруна атайлап жасоо жолу менен контейнерлер орнотулган Ssang Yong Musso жана Opel Zafira автоунаасы кармалды. Кармалган унаалар УКМКнын чек ара кызматынын «Кайрагач» текшерүү пунктуна жеткирилип берилди. Азыркы учурда фактылык жагдайларды жана контрабандага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1867