• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМК «Көлбаев сот тарабынан бошотулушу мүмкүн» деген билдирүүнү четке какты

27 Тогуздун айы 2020 13:51 Бишкек Govori.TV

Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин Камчы Көлбаевге байланыштуу бүгүнкү билдирүүсү чындыкка дал келбейт жана эч кандай негиз жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«УКМК коррупция жана кылмыштуулук менен жигердүү күрөшүп жатат. Бардык иш-чаралар мыйзамдын чегинде өткөрүлөт. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жоюу, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана кылмыш көрүнүштөрүн жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. УКМК коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтөт», — деп айтылат маалыматта.

Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев бүгүн, 27-октябрда маалымат жыйын берип, анда ал кримтөбөл Камчы Көлбаев сот тарабынан бүгүн, эртең бошотулушу мүмкүн деген пикирин билдирген болчу.

Количество просмотров: 215