Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын ишине тоскоолдук кылып жатат, деп билдирди УКМК.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалымат тутумун иштеп чыгууда жана киргизүүдө коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат. 2020-жылдын декабрь айында башкы прокурор соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына материалдарды жогорку соттун төрайымын жоопко тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш менен кошо жөнөткөн.
«Бирок ушул күнгө чейин Г.Калиева ар кандай шылтоолор менен анын маселесин Тартип комиссиясында кароо процессин кечеңдетип келет. Белгилей кетүүчү нерсе, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, ага карата апелляциялык арыз берилген судьяга жыйналыштын күнү жана орду жөнүндө маалымдалат. Судьянын жүйөөсүз себептер менен келбей калышы анын катышуусу жок арызды кароого тоскоолдук кылбайт», — деп белгилейт УКМК.
Ошол эле учурда УКМК бардык жарандар мыйзам алдында бирдей экенин жана жогорудагы процедуралар сот тутумундагы коррупцияны объективдүү иликтөөгө багытталганын эскертет.