• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

УКМК кармаган экс-депутат Нурматовго карата мурун кайсы иш козголгон?

20 Аяк оона 2021 17:10 Бишкек Govori.TV

Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеген, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматов алдамчылыкка шектелип кармалды. Атайын кызмат «Кыргызстан» саясий партиясынын мурдагы депутаты тарабынан жасалган ири өлчөмдөгү алдамчылык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатканын билдирет.

Башкы прокуратура 2015-жылдын май айында Кубанычбек Нурматовго карата кылмыш ишин козгоп, аны иликтөөнү Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгына өткөрүп берген. Нурматовго карата Кылмыш кодексинин 350-беренеси (жасалма документ) жана 166-беренеси (алдамчылык) менен иш козголгон. Ал жасалма документтердин негизинде жогорку окуу жайына өткөн деп деп шектелген. Кылмыш иши козголгон маалда массалык маалымат каражаттары укук коргоо органдарына таянып, Нурматовдун эмгек стажы туурасында жалган маалыматтарды көрсөтсө дагы Эсеп палатасына аудитор болуп дайындалганын, “2-класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси” жана “3-класстагы мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси ” деген чиндерди мыйзамсыз алганын жазып чыгышкан.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Нурматов 2015-жылдан 2021-жылдын август айына чейин Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” саясий партиясынан шайланган депутаты болгон. Ага чейин 2012-2015-жылдары Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеген.

Количество просмотров: 528