• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

УКМК киберкоопсуздук жаатында «Касперский лабораториясы» менен кызматташат

11 Аяк оона 2021 12:12 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин жардамы менен маалымат коопсуздугу жана санариптик купуялык жаатында иштеген эл аралык «Касперский лабораториясы» менен киберкоопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага «Касперский лабораториясынын» башкы директору Евгений Касперский жана УКМКнын төрагасынын орун басары Жаныбек Жоробаев катышты.

Бул келишимдинартыкчылыктуу милдеттеринин бири — Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугунун интеграцияланган системасын иштеп чыгуу жана киргизүү, деп айтылат билдирүүдө.

«Кыргызстан көбүнчө кибер коркунучтардын ар кандай рейтингдеринде жогорку сапта турат. «Касперский лабораториясынын» маалыматы боюнча, 2021-жылдын башынан бери эле өлкөдө болжол менен ар бир төртүнчү интернет колдонуучу ар кандай кибер коркунучтарга туш болгон. Үстүбүздөгү жылдын алты айында «Касперский лабораториясы» Кыргызстанда 60 миңден ашык фишинг баракчаларына кирүү аракетинн бөгөт койгон. Адистер киберкылмышкерлер барган сайын уюмдарды бутага алып жатканын белгилешет. 2021-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда корпоративдик интернет колдонуучулардын 19%ы веб коркунучтарга, 42%ы жергиликтүү зыяндуу программаларга туш болушкан»,-деп билдиришти УКМКдан.

Меморандумга кол коюу Москва шаарында өттү.

Количество просмотров: 107