• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кулматов ТЭЦке келген жабдыктар боюнча  УКМКда суралат

11 Бугу 2018 9:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.05. 2018. Govori.TV

КРнын Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган органдан кабарлашты. Бирок, азырынча бажы башчысынын кайсыл иш боюнча сурактан өтөөрү тергөөнүн кызыкчылыгынан улам ачыктала элек.

Ал эми бизге жеткен маалыматтар боюнча, Кубанычбек Кулматов Бишкек ТЭЦиндеги модернизация боюнча козголгон кылмыш ишке күбө катары тартылып, ал 2013-2015-жылдар аралыгында Кыргызстанга Кытай тараптан модернизацияга арналып алынып келинген жарак-жабдыктар боюнча маалымат бермекчи.

Эске сала кетсек, кечээ ЖКда ТЭцтин маселеси каралып, анда депутаттык комиссиянын мүчөлөрү жарак-жабдыктардын бааларынын атайылап кымбат болгону Бажы кызматынан алынган инвойс документтерден кийин белгилүү болгонун айтышкан болчу.

 

Количество просмотров: 8