• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган айыл өкмөт башчысынын орун басары кармалды

8 Бештин айы 2023 10:48 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 5-декабрында козголгон кылмыш ишинин алкагында Күн-Чыгыш айыл өкмөт башычысынын орун басары Б.Ш. КР УКМКнын кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Такталгандай, КР УКМК кызматкерине Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан 2,5 млн сомго автотранспорт каражаттарын сатып алуу боюнча өткөн тендердеги КР мыйзамдарын бузууларды текшерүүнү токтотуу маселесинде оң чечим чыгаруу үчүн пара катары берилгени аныкталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 110