• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

УКМК: Мамлекеттик байланыш агенттигинде дагы бир коррупциялык схеманын бети ачылды

15 Бирдин айы 2021 14:58 Бишкек Govori.TV

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Мамлекеттик байланыш агенттигинде көзөмөлдөнгөн компанияларга радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия берүүдө Кыргыз Республикасынын колдонулган мыйзамдарын бузуу менен дагы бир коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, Мамлекетик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси жеке бир компаниялардын биринин өкүлү менен жең учунан сүйлөшүп алып, Бишкек жана Ош шаарларында зымсыз туташуу станцияларын иштетүү үчүн аларга 20 МГц өткөрмө жөндөмдүүлүгү бар радиожыштык спектрин колдонууга лицензия берген.

Ал эми аукционго коюлган радиожыштык спектринин баштапкы баасы 61,5 миллион сомду түзүп, мамлекеттин кирешесине кириши мүмкүн болгон.

(Маалымат үчүн: Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан конкурстардын (аукциондордун жана конкурстардын) негизинде гана берилет.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу чаралары көрүлүүдө.

Мындан тышкары, ККК радиожыштык спектрлерин пайдаланууга, аларды кийин аукциондо сатуу үчүн негизсиз берилген лицензияларды түзүү жана мамлекетке кайтаруу боюнча жигердүү иш алып барылууда, бул бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.

Учурда тергелип жаткан кылмыш иштери боюнча көрүлгөн чаралардын алкагында жалпы баасы 143,7 миллион сомду түзгөн радиожыштыктарды мамлекетке кайтарып берди.

Количество просмотров: 107