• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

УКМК: Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндөр кармалды

15 Чын куран 2019 16:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.04.2019.Govori.TV.

2019-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы (МЧК) тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн Казакстан Республикасынын 3 жараны кармалышты.

Такталган боюнча, Казахстандын жарандары Кыргызстан өткөрмө пунктунан сырткары жерден Казахстандын аймагынан өтүүгө аракет кылышкан. Кармалган адамдар УКМК органдарына сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Кыргыз Республикасынын УКМК жана МЧК мамлекеттик чек аранын мыйзамсыз кесип өтүүдөгү мыйзамсыз фактыларды аныктоо боюнча Тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасы (ТМКБС) аркылуу жигердүү иш алып барып келет.

Анын жыйынтыгында, 2019-жылдын башынан бери өз өлкөсүнөн тыюу салынганын 25тен ашык чет элдик жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталып, кармалган.

Азыркы учурда КР Өкмөтү тарабынан тышкы мигранттарды каттоонун бирдиктүү системасынын 2-этабын ишке киргизүү пландаштырылып жатат. Бул система тышкы миграцияны натыйжалуу көзөмөлдөөгө, министрликтер жана мекемелерге өлкөдөгү миграциялык кырдаалды анализ кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Маалымдама: ТМКБС чек араны кесип өтүүчүлөр тарабынан кирүү эрежелерин бузууларды аныктоо үчүн автотранспорт каражаттарынын жана биометриялык маалыматтарынын, сүрөттөрдүн электрондук банкын толтурууга мүмкүнчүлүк берет.

Количество просмотров: 13