• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

УКМК: Мамлекеттин менчигине 2,4 миллион сомдук кыймылсыз мүлк кайтарылды

2 Чын куран 2021 11:44 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттин менчигине 2,4 миллион сомдук кыймылсыз мүлк кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген жана жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы боюнча, «Кадастр» МИ Сокулук филиалынын директору Т.А.К. жана көрсөтүлгөн мекеменин жетектөөчү адиси М.Р.А. кармалды.

Такталгандай, Т.А.К. жана М.Р.А. Жабык Акционердик Коомдун директорлорунун бирине жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны мыйзамсыз даярдашкан.

Жогоруда аталган адамдардын атайылап жасаган кылмыш иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке 2,4 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

2021-жылдын 31-мартында Чүй облусунун административдик соту көрсөтүлгөн жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берди.

Ошондой эле УКМК М.Р.А. жана Т.А.К. карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун башка фактылары боюнча 11 кылмыш иши тергелип жатат.

УКМК тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларын улантууда.

Количество просмотров: 110