Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке төгө турган акчаны толук төлөп бүттү. Бул тууралуу 24-декабрда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, 1 миллиард 400 миллион сому акча менен, калганы бир соода борбору, тогуз батир менен төлөндү.
Соода борбору мамлекетке өткөрүлүп, сегиз батир атайын кызматтын кызматкерлерине, бир батир балдар үйүнө же башка социалдык мекемеге берилмей болду.
Матраимовго катара козголгон иш жакынкы арада сотко жөнөтүлөрү айтылды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.
Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.