• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК Матраимовдун өкүл баласы Сайпидиновду кармады

12 Үчтүн айы 2021 11:52 Бишкек Govori.TV

Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов Кылмыш кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан пайдалануу») фактысы боюнча сотко чейинки ачылган өндүрүш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Савай айылындагы орто мектепке курулган спорт залдын курулушунун суммасы 1 млн. сомдон ашуун акчага ашыра бааланган, Мунарбек Сайпидинов башка жооптуу жетекчилер менен кошо спорт залды сапатсыз бүтүрүлгөнүнө карабай, кабыл алган.

УКМК ошондой эле Ош шаарындагы жана Ош облусунун аймагындагы түрдүү кылмыштарды жасаган уюшкан топту түзүү фактысы боюнча да сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын, ал иштерде Сайпидинов күбө катары өтүп келе жатканын кабарлады.

Мунарбек Сайпидинов 11-январь күнү кармалып, УКМКнын Ош облусундагы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилген.

Мунарбек Сайпидинов Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келет.

Мунарбек Сайпидинов — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

Количество просмотров: 60