• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК: Матраимовдун чет жактагы мүлкү табылса тергөө уланат

15 Бирдин айы 2021 12:21 Бишкек Govori.TV

Эгерде Матраимовдун мүлкү чет өлкөдө табылса, анда сотко чейинки тергөө иштери улантылат. Бул тууралуу УКМК маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун Р.Матраимовго карата чыгарган өкүмүнө карата эки тараптуу пикирге байланыштуу, Тиешелүү структуралардын түшүндүрмөлөрүнөн тышкары УКМК төмөнкүлөрдү коомчулукка жеткирүүнү зарыл деп эсептейт.

«2021-жылдын 11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Р.Матраимовго карата, коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, кыймылсыз мүлктү камакка алуу жокко чыгарылсын жана кызматташтык үчүн келишимде каралган 5-категорияга ылайык айып түрүндө жаза колдонулсун деп өкүм чыгарган. Ошол эле учурда, сот жазалоо жана кызматташуу келишиминде каралбаган мүлктү конфискациялоо укугуна ээ эмес.

Көрсөтүлгөн кылмыш ишинен тышкары, А.Саймайтинин айткандары туралуу УКМК ар кандай банктар аркылуу Кыргыз Республикасынан чыгып кетишине байланыштуу 700 миллион АКШ долларынан ашык кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Чет өлкөлөрдө кымбат баалуу кыймылсыз мүлктүн бар экендиги жөнүндө маалыматтарды Жалпыга маалымдоо кражататрында бир нече жолу жарыялангандыгына байланыштуу, Р.Матраимовго таандык экендиги жана анын аталган каражаттарды А.Саймаитини чыгарып кетүүгө катыштыгы бар экендиги такталып, тергөө бул мүлктү аныктоону улантууда.

Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Түркия Республикасына, Дубай Эмиратына, Украина Республикасына жана Россия Федерациясына юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эл аралык өтүнүчтөр жөнөтүлдү.

Белгилей кетүүчү нерсе, анын мүлкүнүн бар экендиги жөнүндө жоопторду алгандан кийин сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары улантылып, мүлкү камакка алынып, Р.Матраимовдун аракеттерине юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Биринчи май райондук сотунун 11-февралдагы Райымбек Матраимовго байланыштуу иште чечим чыгарган. Сот Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарын “Коррупция” беренеси боюнча айыптуу деп таап, тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык, 260 миң сомдук айыппулга жыккан.

Матраимов былтыр 20-октябрда кармалып, ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Былтыр жылдын аягына чейин ал белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган.

Количество просмотров: 141