• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК: Ноокатта мыйзамсыз берилген жер имараты менен мамлекетке кайтарылды

28 Баш оона 202516:14 Бишкек Govori.TV

Ноокат шаарынын Ленин 3a көчөсүндө жайгашкан 308,12 чарчы метр жер аянты эки кабаттуу имараты менен биргеликте ыктыярдуу түрдө мамлекеттин эсебине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат мурда мыйзамсыз берилип кеткен мамлекеттик объектилерди жана жерлерди мамлекеттин балансына кайтаруу иштеринин алкагында Эски-Ноокат айыл өкмөтүнүн (азыркы Ноокат шаарынын) райборуна 600 орундуу клуб куруу үчүн 1,2 га жер аянты ажыратылып берилгендигине карабай, көрсөтүлгөн жер аянтынан 0,25 га мыйзамсыз жеке менчике берилип кеткен.

Жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында Ленин 3а көчөсүндө жайгашкан 308,12 кв. м. жер аянтын эки кабаттуу имараты менен биргеликте Акылбек Турдубай уулу (Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сулайманов Алтынбек Турдубаевичтин биртууганы) мамлекеттин эсебине өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

Азыркы маалда Ноокат районунун аймагында мыйзамсыз жеке менчике берилип кеткен жер аянтарды кайтаруу боюнча тийиштүү иш чаралар уланууда.

Теги:
Количество просмотров: 114