Жогорку Кеңештин депутаты, “Ыйман” фондунун мурдагы жетекчиси Нуржигит Кадырбеков УКМКга сурак берип чыкты.
Депутат “Ыйман” фонддун ишмердигине байланыштуу иштин алкагында суракка чакыртылганын айтты.
Эске салсак, 22-июлда Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы “Ыйман” фондунун ишмердигин текшерүүнү баштап, бир аптадан соң жыйынтыгын жарыялаган. Аталган документте “Ыйман” фондун текшерүүгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 18-июлдагы каты негиз болгону жазылат.
Мындан соң, 9-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ыйман” фондунун мурдагы эсепчиси Индира Ашированы эки айга камакка алганы белгилүү болду.