• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

УКМК: Опузалап акча талап кылган чет элдик жаран кармалды

19 Бирдин айы 201910:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.02.2019.Govori.TV.

2019-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 3 миң АКШ доллар өлчөмдө акча каражатын алып жаткан учурунда КМШ өлкөлөрүнүн бирирнин жараны А.Ю. кармалды.
Такталгандай, кармалган адам уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондугун айтып, опузалап, ишкерден 10 миң АКШ долларын талап кылган.
Аталган факт боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинде “Опузалап пара талап кылуу” каралган кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
2019-жылдын 16-февралында Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан А.Ю. карата,КРУКМК убактылуу кармоочу жайына эки айга камоо баш коргоо чарасы каралды.
Азыркы убакта ыкчам-тергөө иш чаралары жүрүп жатат.
КР УКМК Басма-сөз борбору,

Количество просмотров: 12