• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

УКМК: Пара берүү фактысы боюнча чет элдик жаран кармалды

16 Үчтүн айы 2021 11:47 Бишкек Govori.TV

Пара берүү фактысы боюнча чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-январында УКМК тарабынан Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча кызмат адамына пара берип жаткан жеринен чет мамлекеттердин биринин жараны 37 жаштагы Г.С. жана анын шериги 34 жаштагы К.А. кармалды.

Такталган маалымат боюнча, кармалган адам КР Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерине К.А. аттуу жергиликтүү тургунду ортомчу кылып коңшу мамлекеттин аймагына өткөрмө пунктан тышкары жерден мыйзамсыз өткөрүү үчүн акча каражатын сунуш кылгандыгы аныкталды.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 214