• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК президенттин мурунку кеңешчисин кармады

22 Бугу 20269:37 Бишкек Govori.TV

УКМК президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыков кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында ал жана дагы бир адам (А.К.Т.) чет өлкөлүк инвесторлорду алдап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп шек саналууда.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Ушул тапта кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, ошондой эле ушуга окшош башка фактыларды табуу боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМК шектүүлөрдүн аты-жөнүн толук жарыялаган жок. Бирок мекеме тараткан инициалдардын бири Жаныбек Кубандыковдун аты-жөнүнө туура келет.

Количество просмотров: 319