Бишкек шаарынын Ленин райондук Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкери 20 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кармалган адам салык маселесин чечүү жана жең ичинен колдоо максатында жеке ишкерден акча акча каражатын талап кылган.
«Бул материалдар Сотко чейинки өндүрүштүк иштердин негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адамга карата сот органдары тарабынан үй камагына камоо боюнча баш каргоо чарасы каралды»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.