• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

УКМК сотко таяк таянып келген Куренов боюнча билдирүү таратты

14 Бугу 202520:29 Бишкек Govori.TV

УКМК камактагы Т.Кудайберген уулун сотко алып келүү учурунан социалдык тармактарга тараган видео боюнча билдирүү таратты.

«Соцтармактарда камактагы Т.Кудайберген уулу (Т.Куренов) Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна медициналык беткап кийип, таяктын жардамы менен басып келгендиги көрсөтүлгөн видео жарыяланып, ал видеодогу көрүнүштү кээ бир интернет колдонуучулар «ага карата кыйноо колдонулган» — деп ар кандай жалган маалыматтарды таратууда. УКМК Т.Кудайберген уулунун СИЗОдо омуртка аралык өнөкөт грыжа оорусу күчөп кеткендигин, ошондуктан учурда ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын белгилейт»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилегендей, бул жагдайды «24.kg» маалымат агенттигине Т.Кудайберген уулунун жактоочусу А.Турдуев да тастыктап, КР УКМК тарабынан Т.Кудайберген уулуна карата эч кандай физикалык күч колдонулбаганын белгиледи.

Баардык тергөө аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде, процессуалдык нормаларды жана айыпталуучунун укуктарын сактоо менен так жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 514